Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-апрели №23/1
Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын:
-мамлекеттик тилде: “Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси.
-расмий тилде: “учреждение “Айыл окмот Орозбековского айылного аймака”
2. Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемесинин иштелип чыккан жобосу бекитилсин .
3. Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги: Баткен облусу, Кадамжай району, Орозбеков айыл аймагы , А.Орозбеков айылы , Кыргызстан 60 жылдык көчөсү.
4. Орозбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Жолдошовго жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендигин жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгын ырастайм.
Тѳрага | М. Эргешов |
|
|
Орозбеков айыл аймагынын
айыл өкмөтү жөнүндө
I. Жалпы жоболор
II. Айыл өкмөтүнүн структурасы
III. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
IV. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
VIII. Айыл башчысы
IX. Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык негиздери
X. Айыл өкмөтүнү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
XI. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото туруу
I. Жалпы жоболор
1.1. Айыл өкмөтү – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелинет.