Редакцияот 07.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алга айылдык кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы

 

2015-жылдын 07-февралы №3

Алга айыл өкмөтүнүн 2015-жылда кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйынынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө

 

Алга айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси Х.Исаковдун 2015-жылга кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйынынын өлчөмүн белгилөө жөнүндөгу билдирүүсүн талкуулап. Карап чыгып, айылдык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Алга айыл өкмөтүнүн 2015-жылга кожолуктардын алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйыны 40(кырк) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2.    Алга айыл окмотунун 2015-жылга кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйынынын эсебинен чыгаруу жана мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Тѳрага

Н. Пазылов