Загрузка документа…
АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №27/17-6
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 6-апрелиндеги “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорттук каражаттарды сатуу жөнүндө типтүү жобо” жөнүндө № 01-18/41 буйругунун негизинде жана ушул маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьев өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды жокко чыгаруунун тартиби жөнүндө типтүү жобо жана муниципалдык менчикте турган автотранспорттук каражаттарды сатуу жөнүндө типтүү жобо” бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Кубат уулу Таалайбекке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Тѳрага | Окенаев Т.М. |
|
|
ГАМСУМОнун 06.04.2018-ж. № 01-18/41 буйругуна ылайык | Ананьев айыл кеңешинин 21.06.2018-жылдагы №27/17-6 токтому менен бекитилген
|
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо
1. Бул жобо Ананьев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары - мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
2. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана Ананьев айыл өкмөтүнө чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
- курулушу бүтө элек объекттер;
- Ананьев айыл өкмөтү тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
3. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- жарабай калуу;
- аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
4. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша, мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чыгашага милдетүү түрдө киргизүүгө тийиш.
5. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо, эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул объекттин баланстык наркынын айырмасы катары аныкталат.
6. Негизги каражаттардын жарабай калуусу Ананьев айылдык кеңеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте Ананьев айыл өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.
7. Баланстан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а) физикалык эскирүүнүн, авариянын, табигый кырсыктардын, эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б) моралдык жактан эскирген;