Редакцияот 21.05.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин чакырылышынын сессиясы

 

2018-жылдын 21-майы №58

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагынан жер участокторун трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагында инфраструктураны оңдоо, айыл чарбасын жөнгө салуу максатында депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн “Развилка” участкасынан Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында көрсөтүлгөн №1108 контурунан 3,0 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан транспорт жана башка багытындагы жерлер түрүнө которууга макулдук берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

М. Соорбаев