Редакцияот 06.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы

 

2018-жылдын 06-апрели №02

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн административдик корпусуна видео көзөмөл камераларын орнотуу жөнүндө

 

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 06-февралындагы ДСП №17 катын карап жана талкуулап

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн административдик корпусуна видео көзөмөл камераларын орнотууга 20000 (жыйырма мин) сом акча каражат 2018-жылдын экинчи жарым жылдын жыйынтыгы менен кошумча акчадан ажыратып берүүгө уруксат берилсин.

2. Токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн финанс-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Аманкуловага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Шермат уулу Алмаз