Редакцияот 06.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы

 

2018-жылдын 06-апрели №08

Таш-Булак айыл өкмөтүнүн 377-контурундагы муниципалдык менчикке алынган 0,77 га жер тилкесинен 0,39га сын Доскана айылына ФАП жана балдар бакчасын курууга жерди ажыратып берүү жөнүндө

 

Таш-Булак айыл аймагындагы Доскана айылына ФАП жана балдар бакчасын курууга элдерден түшкөн көптөгөн суроо-талап,сунуштарын эске алып

ТАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Доскана айылына ФАП жана балдар бакчасын куруу үчүн (муниципалдык менчикке алынган 0,77 га жер тилкесинен) 0,39га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Шермат уулу Алмаз