Редакцияот 17.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2018-жылдын 17-апрели №14

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-мартындагы элдик жыйынынын протоколунун чечимин бекитип берүү жөнүндө

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-мартындагы элдик жыйынынын Жер участогун жеке турак жай курууга беруу боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү протоколунун чечимин бекитип берүү максатында Суу-Башы айьшдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Жер участогун жеке турак жай курууга берүү боюнча жер комиссиясын түзүү жөнүндөгү Суу-Башы айьш өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-мартындагы элдик жыйынынын протоколунун чечими бекитилсин.

2. ҮЙ салуу үчүн жер сурап кайрылган жанадардын тизмесин такташтырып, мыйзам чегинде иш аракеттерди жасоо жагы айьш өкмөтүнүн алдында түзүлгон жер комиссиясына милдеттендирилсин.

Тѳрага

Р. Артыкбаев