Редакцияот 17.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2018-жылдын 17-апрели №15

«Айгүл-Таш» тоосундагы « Айгүл» гүлүн сактап калуу жөнүндө

 

Суу-Башы айьш аймагындагы «Айгүл-Таш» тоосун кайтарып, « Айгүл» гүлүн коргоп сактап калуу максатында Суу-Башы айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Суу-Башы айьш аймагындагы «Айгүл» гүлүн коргоп жана сактап калуу үчүн "Айгүл-Таш» тоосу кайтарууга алынсын.

2. "Айгүл-Таш» тоосун кайтарууга алуу үчүн айыл өкмөтүнүн төмөнкү жарандар кароолдук кызматты аткарууга көрсөтулсүн.

1. ГАкматов Нурлан.

2. Камчыбеков Акылбек

3. "Айгул-Таш» тоосун кайтарууга алуу үчүн көрсөтүлгөн жогорудагы жарандарга күбөлүк алып берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Тѳрага

Р. Артыкбаев