Редакцияот 18.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

 

2015-жылдын 18-декабры №21/5

Түрткү берүүчү гранттан калган акча каражатынын эсебинен Исфана шаарынын Навои көчөсүн капиталдык ондоо (толук асфальттоо) иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Исфана шаар мэриясынын түрткү берүүчү гранттан калган акча каражатынын эсебинен Исфана шаарынын Навои көчөсүн капиталдык ондоо (толук асфальттоо) иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ьшайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырьшышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Түрткү берүүчү гранттан калган акча каражатынын эсебинен Исфана шаарынын Навои көчөсүн капиталдык ондоо (толук асфальттоо) иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2.    Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсьш.

3.    Бул токтомдун аткарьшышын көзөмөлдүкө алуу жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айьш чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Рахманкулов