Редакцияот 09.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Айдаркен шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы

 

2016-жылдын 09-марты №35/2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2016-жыл 22-февраль №03-1/0498 жана Кадамжай райондук мамлекеттик ветеринардык жана фито санитардык коопсуздук боюнча башкармасынын катын кароо жөнүндө

 

Айдаркен шаар аймагындагы ветеринардык кызмат корсоткон жеке ветеринардык адистерге мал жандыктарын эмдөөдөн өткөрүүдө кызмат акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү маселеси талкууланып, шаардык Кеңештин депутаттарынын сунушунун негизинде Айдаркен шаардык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айдаркен шаарынын аймагында ветеринардык санитардык коопсуздукту сактоо максатында, мал жандыктарын ветеринардык тейлоодон откорүү үчүн кызмат акылар өлчомү тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы шаардык мэрпянын аппаратына милдеттендирилсин.

3.    Токтомду көзөмөлдөө "Социалдык, маданият, жаштар маселелери жана саламаттыкты сактоо, билим берүү" боюнча туруктуу компссинсына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А.А. Гайназаров