Редакцияот 05.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2013-жылдын 05-ноябры №5

Н.Мамадалиеванын кайрылуусу жөнүндө

 

Урмарал айылынын жашоочусу Мамадалиева Насипанын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Акназаров айыл аймагына тиешелүү Карагайлы Өзөнүндөгү көпүрөгө Алибие Надырбек Сейитказиевичтин ысымы ыйгарылсын.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин төрагасынын орун басары Дж.Уметкановго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К. Жорготаев