Редакцияот 02.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өмүралиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

2016-жылдын 02-августу №145

Кун таргибиндеги маселе боюнча, Өмүралиев айыл аймагына мамлекеттик ишкана куруу маседесин карап, талкуулап чыгып Өмүралиев айылдык кенешинин VI чакырылышынын жыйырма сегизинчи кезексиз кенешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Омуралиев айыл аймагынын Манас айылындагы "Чырканак" сайынын батыш тарабынан "Пилорама" участкасынын № 685 чейресызыгында жайгашкан “Гараждын" жана "Автосервис" ишканасына берилген жер участогунун түштүгүнөн жалпы аянты 1,10 га жер мамлекеттик ишкана салуу үчүн бөлүнуп берилсин.

2.    Тиешелүү иш кагаздарды берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы. К. Айталиевге жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырылсын.

Тѳрага

Ж. Сагыналиев