КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2018-жылдын 10-августу №44
Мал союучу жай куруу үчүн тоорук аркылуу жеке менчикке сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы муниципалдык менчикте турган 0,13 га жер аянтын мал союучу цех куруу үчүн аукцион аркылуу жеке менчикке берүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын АВМ участкасындагы муниципалдык менчикте турган 0,13 га жер аянтын мал союучу цех куруу үчүн аукцион аркылуу жеке менчикке сатууга уруксат берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Тѳраганын орун басары | М. Надирова |
|
|