Редакцияот 10.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2018-жылдын 10-августу №46

Кара-Бак айылындагы борбордук спорт аянтчанын күн чыгыш жагындагы жерлерди ижарага жана жеке менчикке берүү жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылындагы борбордук спорт аянтчанын күн чыгыш жагындагы №1 лотту ижарага жана №3, 8, 9, 10, 10 лотторду аныкталган багыты боюнча жеке менчикке сатууга уруксат берүү менен жергиликтүү бюджетти көтөрүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылындагы борбордук спорт аянтчанын күн чыгыш жагындагы №1 лотту ижарага жана №3, 8, 9, 10, 10 лотторду аныкталган багыты боюнча жеке менчикке сатууга уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.

 

Тѳраганын орун басары

М. Надирова