Редакцияот 18.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

 

2018-жылдын 18-сентябры №52

Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын түштүк тарабындагы калктуу конуш астындагы эч кимдин укугуна катталбаган 0,01 га жер аянтын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Бел айлыныны түштүк тарабында жайгашкан калктуу конуш астындагы 0,01 га жер аянты Кара-Бак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Тийиштүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Нишанбаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

А. Каламбеков