Редакцияот 31.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Коюн айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2018-жылдын 31-октябры №3

Кара-Коюн айыл аймагында 2018-жылга карата айдалып-себилип дан эгиндеринин жалпы аянтынан чөпкө чабылган аянттарды статистикалык отчеттон чыгаруу жөнүндө

 

Кара-Коюн айыл аймагында 2018-жылга карата айдалып-себилип дан эгиндеринин жалпы аянтынан чөпкө чабылган аянттарды статистикалык отчеттон чыгаруу тууралуу талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Коюн айыл аймагында 2018-жылга карата айдалып-себилген 200га арпа аянтынан, 80га аянты чөпкө чабылгандыгы белгиленсин.

2. Дан эгиндеринин жалпы аянтынан чөпкө чабылган 80га жер аянтын статистикалык отчеттон чыгаруу жагы Ат-Башы райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн статистика-жер жана айыл чарба адиси Т.Улукмановго тапшырылсын.

Тѳрага

Ш. Апысов