Редакцияот 31.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Нарын шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

2018-жылдын 31-октябры №12

Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун келишимин узартууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, Нарын облустук балдардын билим берүү борборунун жетекчилигинин мурунку келишимди узартып берүү боюнча кайрылуусунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Нарын облустук балдардын билим берүү борборуна Нарын шаарынын Ленин №82 көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу муниципалдык менчик имаратын 5 жылдык мөөнөткө узартуу менен убактылуу оперативдик башкаруу укугу менен берүүгө макулдук берилсин.

2.         Нарын шаарынын Ленин №82 көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчик имаратын Нарын облустук балдардын билим берүү борборуна оперативдик башкарууга берүүдө Мыйзам чегинде эки тараптуу келишимди түзүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын жана эки тараптуу келишим түзүүдө, анын Мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Ботоканов