Редакцияот 16.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясы

 

2018-жылдын 16-ноябры №4-1

Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин маалыматы жөнүндө

 

Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиевдин берген маалыматынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ат-Башы айыл аймагында айдалган 46,0 гектар эгиндин 25,0 гектар жери аба ырайынын кескин өзгөрүп, бышпай калуу коркунучун жараткандыгына байланыштуу чөп катары чабылып кеткендиги белгиленсин.

 

Тѳрага

Т. Ыдырысов