Редакцияот 03.07.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨМҮРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өмүралие айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы

 

2018-жылдын 03-июлу №80

Чатбазар айылынын тургуну Кимбилетов Керимжандын арызы жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча Өмүралиев айылдык аймагынын Манас айылынын тургуну Кимбилетов Керимжандын арызын карап чыгып, талкуулап Өмүралиев айылдык кеңешинин VII чакырылышынын он алтынчы кезексиз кеңешмеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өмүралиев айылдык аймагынын Чатбазар айылынын тургуну Кимбилетов Керимжан Чатбазар айылындагы мал базардын жанындагы айыл өкмөтүнө тиешелүү 0,33га жерди 7 жылдык мөөнөт менен пайдаланып келгендиктен пайдалануу мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу 49 жылга чейин узартып берүү жөнүндө жазган арызы канааттандырылсын.

2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Айталиевке жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Тѳрага

У. Алмолдоев