Редакцияот 12.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык кеңешинин ХХХ чакырылышынын кезектеги ХIV сессиясы

 

2014 -жылдын 12-марты №2

Мамыт уулу Абдырахман атындагы Таш-Кудук орто мектебине актовый залдын полдору, чатыры жараксыз болгонуна байланыштуу мектеп директору С.Толомушеванын кайрылуусун угуп талкуулап, айылдык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Мамыт уулу Абдырахман орто мектебинин актовый залына капиталдык ремонт жасоо үчүн мектептин кызыкчылыгына тегерегиндеги 100 түп теректи кесип пайдалансын.

2.         Теректерди кесүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгына тапшырылсын.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Султаналиевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

К.О. Жорготаев