Редакцияот 08.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы

 

2014-жылдын 08-апрели №11-5

Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусун кароону кийинки сессияга калтыруу жөнүндө

 

Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн бирин өзүнүн жеке менчигине бөлүп берүү тууралуу Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусу менен таанышып, талкуулап, депутаттардын сунуштарына ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн бирин өзүнүн жеке менчигине бөлүп берүү тууралуу Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусун кароо кийинки сессияга калтырылсын.

2.         Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынан турган комиссия Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн абалы менен жеринде таанышып келип, кийинки сессияга сунушун берсин.

3.         Бул токтомдун 2-пунктунун аткарууну уюштуруу жагы Ат-Башы айылдык кещешинин төрагасы К.Абдылдаевге тапшырылсын.

 

Тѳрага

К. Абдылдаев