Редакцияот 08.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз IХ сессиясы

 

2014-жылдын 08-апрели №11-6

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 17-март 2014-жылдагы № 46-б буйругун аткаруу жөнүндө

 

Ит жаныбарынан жугуштуу (эхинококкоз, альвекокоз) ооруларды таратууга чектөө коюу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 17-март 2014-жылдагы № 46-б буйругун аткаруу максатында Ат-Башы айылдык кеңеши КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- статьясына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ат-Башы айылында ит жана мышыкты жугуштуу оорулардан алдын алып багуу, коомчулукка зыян келтирбөө максатында санак жана каттоо иштери 2014-жылдын 1-майына чейин жүргүзүлсүн;

2.         2014-жылдын 1-майына чейин кароосуз жүргөн иттерди атуу жүргүзүлүп, аларды көмүү иштери аткарылсын.

3.         Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте Ат-Башы айыл аймагынын үй жаныбарларын вакцинациялоо иштерин аткаруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн вет адиси К. Орозказиевге милдеттендирилсин;

4.         Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

 

Тѳрага

К. Абдылдаев