Редакцияот 31.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2014-жылдын 31-июлу №13-4

Айылдын социалдык-маданий иштеринин абалы жөнүндө

 

Айылдын социалдык-маданий иштеринин абалы жөнүндө айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана маданий өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси К. Казиеванын жана туруктуу комиссиянын төрагасы Ж. Курмангалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ат-Башы айыл аймагында бир катар социалдык-маданий иштери аткарылгандыгы белгиленсин;

2.         Социалдык-маданий иш-чаралардын жүргүзүлүшүн дайыма колго алуу жагы айыл өкмөттүн социалдык коргоо жана маданий өнүктүрүү боюнча жетектөөчү адиси К. Казиева милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

К. Абдылдаев