Редакцияот 18.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХV сессиясы

 

2014-жылдын 18-ноябры №15-9

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоо бюллетендерин саноону жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:

Эсептөө комиссиянын төрайымы –    Г. Молдоянова;

Эсептөө комиссиянын мүчөлөрү –      К. Асанбаева;

Н. Ясинова.

2.         Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону калыс жана таза жүргүзүү тапшырылсын.

 

Тѳрага

Ж. Жумаков