Редакцияот 27.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Кыя айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы

 

2018-жылдын 27-ноябры №26/2

Айыл аймакта «Түшүм майрамын» өткөрүү жөнүндө

 

Кара-Суу жана Жаны-Жол айылынын тургундарына «Түшүм майрамын» өткөрүүдө алдынкы дыйкандарды, механизаторлорду, чабандарды сыйлоо жана өткөрүлгөн оюндарда женүүчүлөргө байге тапшыруу үчүн Жаны – Жол айылынын айыл башчысы Ж. Каратокоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         «Түшүм майрамын» өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетинин бош калган каражатынан 60000 (алтымыш мин)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Бөлүнгөн акча каражатын которуп, максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи – Р.Калмамбетовага милдеттендирилсин.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комитетке жана Ак-Кыя айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Р. Зарлыков