АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2018-жылдын 27-ноябры №26/8
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик конторасын капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча түрткү берүүчү грант2114431 (эки миллион бир жүз он төрт мин төрт жүз отуз бир)сомдун 15 пайыздык өздүк салымын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан конкурсттук негизде берилүүчү түрткү берүүчү грант менен Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик конторасын капиталдык оңдоодон өткөрүүүчүн Кочкор райондук шаар,курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан бүткөрүлгөн сметасы жөнүндө М.Абдилованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдикконторасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2114431(эки миллион бир жүз он төрт мин төрт жүз отуз бир) сомдук сметалык долбоору жасалганы белгиленсин.
2. Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү 15 пайыздык өздүк салымы үчүн 317165 «үч жүз он жети мин бир жүз алтымыш беш)сом акча каражатын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик комитеткетапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|