Редакцияот 03.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергетал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

 

2018-жылдын 03-апрели №17

Жергетал айыл аймагы боюнча муниципалдык кызматтардын кошумча реестрин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №302 «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 «Кыргыз Республикасында» жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, карап, талкуулап чыгып Жергетал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Жергетал айыл аймагында кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.         Бекитилген реестирдеги кызмат көрсөтүүлөр айыл өкмөтү тарабынан жүргүзүлсүн.

3.         Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Молдояров