Редакцияот 13.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢОРЧОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 13-июлу № 6/6

Жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган иши 2016-жылга иш планын бекитүү жѳнүндѳ

Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Коңорчок айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

·         Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин 2016-жылдагы түзүлгѳн иш планы жана сметасы бекитилсин.

·         Коңорчок айыл округунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2015-жылдагы аткарылган иштеринин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

·         Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин мал эсебин тактап учетко алуу жагы боюнча жаны түзүлгѳн комиссиянын курамы бекитилсин.

·         Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин жайыт пайдалануу боюнча жылдык планы бекитилсин.

·         Коңорчок айыл округунун Жайыт комитетинин тѳрагасы, бухгалтерине түзүлгѳн сметасына ылайык эмгек акы тѳлѳѳ жагы бардык тѳлѳмдѳрдѳн тышкары бекитилсин.

·         Жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жѳнүндѳгү келишимде кѳрсѳтүлгѳн баардык талаптар эки тарапка тең (жайыт берүүчү, жайыт пайдалануучу) бирдей аткарууга алынсын.

·         Айыл округу тарабынан бериле турган бардык малдарга тиешелүү справкалар (ветеринардык, мал сатууга, кредит алууга ж.б.) жайыт комитетинин макулдугу менен берилүүсү Конорчок айыл округунун жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

·         Жайыт акыларынын ѳндүрүлүшүн камсыз кылуу жана мындан ары жайыт мыйзымынын чегинде иштерди жүргүзүү жагы Жайыт комитетинин мүчѳлѳрүнѳ, Ж/К не жана айыл округуна милдеттендирилсин, жыйынтыгы ар бир жарым жылда жалпы элдик чогулушта угулсун.

·         Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрь №254 мыйзамында корсотулгондой 3-берененин 3-пунктунун негизинде келишимдерди түзүү Ж/К аркылуу жүргүзүлсүн.

·         Милдеттендирилсин: Айыл ѳкмѳт башчысына, жайыт комитетинин тѳрагасына,

·         жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчѳлѳрүнѳ, вет. адистерине.

 

Төрага

Байыш у У.