Редакцияот 02.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин чакырылышынын кезектеги сессиясы

 

2018-жылдын 02-апрели №1

Бюджеттик эсепке кошумча смета бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын 04.12.2018-жылдагы №0108/470 катынын негизинде Нарын райондук прокуратурасы тарабынан өндүрүлгөн акча каражаты боюнча Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезексиз XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мурунку айыл өкмөт башчысы Р.Эсенбеков кызматтык авто унаа Нива-Тайга-2121 авария кылып, аны оңдотуу үчүн төгүлгөн акча каражат башкаруу аппаратына 22141300 ст.- 120000 сом кошумча бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен 2018-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнө 14511100 статьяга мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерине кошумча 120000 сом план суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Боогазиевага тапшырылсын.

Тѳрага

Н. Абдырасулов