Редакцияот 07.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2018-жылдын 07-декабры №2

Эмгек-Талаа айыл аймагында USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиянын Жобосун бекитүү жөнүндө

 

Эмгек-Талаа айылдык кенешинин 2019-2020-жылдарга карата бюджеттин проектисин талкулоо үчүн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиянын Жобосу бекитилсин

2. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү жаныдан түзүлгөн жумушчу комиссия Жобонун негизинде иш алып барсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Т. Кожогелдиев