Редакцияот 25.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2018-жылдын 25-октябры №2

Акназаров айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылында балдар бакчасы жөнүндө

 

Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2018-жылдын 25-октябрындагы кезектеги 8-сессиясы, протоколдун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл аймагынын Көк-Таш айылында 50 орундуу балдар бакчасы ачылсын.

2. Балдар бакчасынын чарбалык чыгымдары,тамак-аш чыгымдары жана электр энергиясы жергиликтүү бюджеттен каралсын.

3. Штаттык бирдиктин негизинде иштөөчүлөрдун эмгек акысын төлөп берүү жагы Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Дооронбековдон суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.

5.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тѳрага

Б. Субанов