Редакцияот 23.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

2018-жылдын 23-октябры №21

Кара-Суу айылынын тургуну Кудабаев Алдиярдын арызы жөнүндө

 

Кара-Суу айылынын тургуну Кудабаев Алдиярдын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жеринен тамчылатып сугаруу жолу менен алма бак отургузуу жөнүндөгү арызын карап чыгып жана талкуулап Эл Депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын тургуну Кудабаев Алдиярдын арызы канааттандырылсын.

2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тескей тарабындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун 1708- контурдагы 61,00га кайракы жердин үстүнкү тарабынан тамчылатып сугаруу жолу менен алма бак отургузуу үчүн 20,0га жер бөлүнүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Эсенкул уулу Памир