Редакцияот 15.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

 

2018-жылдын 15-ноябры №22

Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Депутаттардын Кара-Суу айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылдык кеңешинин аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Эсенкул уулу Памир