Редакцияот 30.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сарай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIII сессиясы

 

2018-жылдын 06-октябры №1

Кара Суу базарынын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кара Суу райондук шаар куруу Кеңешинин 2018-жылдын 24-майындагы № 3 протоколунун, Кара Суу мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын, Кара Суу базарынын башкы планына мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан мурдагы өрт өчүрүүчү депонун жер аянтына контейнерлерди орнотууга киргизилген өзгөртүүнү белгиленген тартипте бекитип берүү боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Сарай айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара Суу базарынын жанындагы мурдагы өрт өчүрүүчү депонун жер аянтын Айдарова Калыс сатып алгандыгына байланыштуу, Кара Суу базарынын башкы планына мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан контейнерлерди орнотууга киргизген өзгөртүүсү жактырылсын.

2. Кара Суу базарынын башкы планына мамлекеттик шаар курулушу жана архитектура долбоорлоо институтунун Оштогу филиалы тарабынан киргизилген өзгөртүүсү бекитилсин.

 

Тѳрага

Э.М. Арзиев