Редакцияот 26.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2018-жылдын 26-апрели №5/4

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын «13» апрелиндеги №90 токтомунун Жаны-Турмуш айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын чечүү максатында Жаны-Турмуш айылынын № 27 контурундагы 0,08 га жер аянтына «Курулуштар графасында жайгашкан» категориясындагы жер аянтына башкы планга киргизүү жөнүндө

 

Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын « 13 » апрелиндеги № 90 токтомундагы Жаны-Турмуш айылынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу муктаждыгын чечүү максатында, айыл тургундарынын арыздарын канааттандыруу максатында башкы планды иштеп чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Жаны-Турмуш айылындагы № 27 контурундагы 0,08 га «Курулуштар графасындагы» жер тилкеси калктуу конушта жайгашкан. Жеке үй куруучуларга турак жай салуу үчүн ажыратылып берүү жагын сунуштайт.

2.         Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

Э. Ураимов