Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Катта-Талдык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2018-жылдын 16-октябры №7/4

Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында жайгашкан №318 контурундагы 0,10 га жер тилкесин “ветеринардык пункт” имаратын куруу үчүн берүү жөнүндө

 

Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында жайгашкан №318 контурундагы 0,10 га жер тилкесин “ветеринардык пункт” имаратын куруу жөнүндө айыл өкмөттүн сунушун угуп жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында жайгашкан №318 контурундагы 0,10 га жер тилкесин “ветеринардык пункт” имаратын куруу үчүн ажыратылып берилсин.

2.  Токтомду аткарууга тиешелүү иш кагаздарды даярдоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

3.  Ушул токтомду козомолдоо жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча турукту комиссиясынын төрагасы У.Жолдошовго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Э. Ураимов