Редакцияот 21.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ылай-Талаа айылдык кеңешинин Х чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2018-жылдын 21-ноябры №10/5

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 сандуу токтомунун 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган участокторуна, менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизилгендигине байланыштууЫлай-Талаа айылөкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 42 сандуу буйругун жокко чыгаруу тууралуу Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын2018-жылдын 24-сентябрындагы № 11-1242-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Мыйзамга ылайык түзүлгөн айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 сандуу токтомунун 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган участокторуна, менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-майындагы № 42 сандуу буйругун жокко чыгаруу тууралуу Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын2018-жылдын 24-сентябрындагы № 11-1242-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Осмоналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ылай-Талаа айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча чыккан Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 71 сандуу буйругу менен түзүлгөн жер комиссиясынын курамы бекитилсин.

2.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөалуужагыайылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айылжанасуучарба, жергежайгаштыруу, жержанажерресурстары, экологияжанажаратылыштыкоргообоюнчатуруктуукомиссиясына ( төрагасы Б.Тоотаев ) тапшырылсын.

 

Тѳрага

Н. Жолдошов