Редакцияот 14.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2018-жылдын 14-декабры №2

Айыл тургундарын электр энергиясы менен камсыздоонун абалы, жаңы бөлүнгөн атуулдардан акча каражатынын жыйналышынын мыйзамдуулугу боюнча мыйзамдуулугу жөнүндө

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Керимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда өтө оор электр мамылары бар экендиги белгиленсин.

2.         Айыл тургундарынын электр энергиясы менен камсыздоонун абалы , жаңы абоненттерге уруксат берүүдөгү акча каражатынын жыйналышы мыйзамдуу экендиги белгиленсин.

 

Тѳрага

Т. Малабеков