Редакцияот 14.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2018-жылдын 14-декабры №3

Көк бөрү ойной турган жерди тактоо жөнүндө

 

Кара-Суу айылдык кеңешинин айыл чарба кен байлыктар, суу ресурстары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Мамакеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кенешинин Vlll чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Арстаналиев Манас акенин өзүнүн арызын канааттандырып, Жаңы-Айыл айылындагы өкмөттүн балансына кайтарылып алынган жерин келишимдин негизинде көк бөрү ойной турган ат майданы үчүн пайдаланууга берүүгө айыл өкмөттүн башчысы Р.Бекназаровго сунушталсын.

2.         Көк бөрү ойной турган жер “Нармат” атындагы ат майданы деп аталсын.

 

Тѳрага

Т. Малабеков