Редакцияот 27.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Көл шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2018-жылдын 27-ноябры №112/22-7

Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-ж. №51/9-7 сандуу токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Муратовдун кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2017-ж. №51/9-7 сандуу токтомунун 1-пунктундагы III зонадан кийин IV, V зоналар төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

IV зона: Жазы-Кечүү аймагынын цемент заводуна караштуу жерлер (49,24га)

V зона: Кетмен-Төбө, Жазы-Кечүү аймагындагы жерлер (III- IV зоналарында көрсөтүлгөн аймактардан сырткары)

2.         Кара-Көл шаардык кеңешинин 20.09.2018-ж.№51/9-7 сандуу токтомунун 2-пунктундагы жер салыгынын төмөндөгүдөй коэффициенттери бекитилсин дегенден кийинки сөздөр төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:

I зона-0,6; II зона-1,2; III зона-1,2; IV зона-1,2; V зона-0,4

3.         Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Т.Т.Муратов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Б.Н. Кыргызалиев