Редакцияот 13.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2018-жылдын 13-июну №3/4

Кечүү айылынын тургуну Кулушов Замир Тагайбековичтин кайрылуусу жөнүндө

 

Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VII - сессиясынын күн тартибиндеги 3/4 маселеси болгон Кечүү айылынын тургуну Кулушов Замир Тагайбековичтин кайрылуусу жөнүндө айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезексиз VIII - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Кечүү айылынын тургуну Кулушов Замир Тагайбековичтин кайрылуусу канааттандырылсын, жалпы жамааттын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн жер тилкесин өткөрүп берип жаткандыгы белгиленип , айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине тартылсын.

2.         Жер аянтынын жана турак-жайдын тиешелүү документтерин даярдап , өзгөртүп түзүү айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевге милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Т. Батыралиев