Редакцияот 29.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2018-жылдын 29-ноябры №1

Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө

 

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясынын күн тартибиндеги 1- маселеси Ак-Жол айыл аймагын тейлеген Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши жөнүндө айыл аймактык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы депутат Э.Эшалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги Х -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ак-Жол айыл Өкмөтүнө караштуу Ак-Жол базарынын абалы, андан чогултулган жыйымдардын иштелиши негизинен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.

2.         Ак-Жол базарында сатуучулар жана кардарлар үчүн жакшы шарттарды түзүү , мал базарды ылайыкташтыруу жагы Ак-Жол базарынын жетекчиси Н.Мырзабековго милдеттендиирлсин.

 

Тѳрага

Т. Батыралиев