Редакцияот 29.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2018-жылдын 29-ноябры №5/5

Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги 6/1 жана 2018-жылдын 13-июнундагы 3/2 сандуу токтомдору жөнүндө

 

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги Х - сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү 5/5маселеси боюнча Аксы райондук прокуратурасынын 26-ноябрь 2018-жылдагы №11/1-1535номери менен чыккан Каршылык билдирүүсү жөнүндө айылдык Кеңештин катчысы К Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги Х- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Ак-Жол айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 13-апрелиндеги 6/1 жана 2018-жылдын 13-июнундагы 3/2 сандуу кабыл алынган токтомдору Аксы райондук прокуратурасынын 26- ноябрь 2018-жылдагы №11/1-1535номери менен чыккан Каршылык билдирүүсүнө негиз жокко чыгарылсын.

2.         Айылдык Кеңештин кабыл алган бул токтому жөнүндө Аксы райондук прокуратурасына маалымат берүү Кеңештин катчысы К Сатыбековго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Т. Батыралиев