Редакцияот 21.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бердике баатыр айылдык кеңешинин чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2018-жылдын 21-ноябры №91

Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобо жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Бердике баатыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмелгө алып аткаруу жагы Бердике батыр айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Борбашовго жүктөлсүн.

 

Тѳрага

М.О. Исаков