Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-январы № 1-5
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Алимбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары С.Чукетаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Мамыралы у Б. |
|
|