Редакцияот 03.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 03-августу №18

Коргон айылына кичи футболдук аянтча куруу жөнүндө

 

Бел-Алды айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 3-августундагы VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел-Алды айыл аймагындагы Коргон айылынын Маралбаев көчөсүндөгү, жолдун түндүк тарабындагы бош турган жерден кичи футболдук аянтчасын куруу үчүн 0,10га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Коргон айылына кичи футболдук аянтча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин сессиясынын токтомунун негизинде буйрук чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайыловго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба ,жер жана агрардык саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Тѳрага:

Ж. Боронбаев