Редакцияот 10.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

 

2018-жылдын 10-октябры №22

Саламаттыкты сактоо багыты боюнча жургузулуп жаткан иштер өнүндө

 

Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүндөгү №9 ҮДТнын жетекчиси Э.Орозбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел-Алды айыл өкмөтүнө караштуу №9 ҮДТнын жетекчиси Э.Орозбековдун билдирүүсү эске алынсын.

2. Айыл аймагында жашаган калкты медициналык жактан тейлөө, саламаттыгын сактоо, ар кандай ооруларды алдын алууда жасалып жаткан аракеттер белгиленсин.

3. Калк арасында жугуштуу ооруларды азайтуу максатында айыл жашоочуларына тушундуруу иштерин жургузуу, айылдын санитардык абалына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы №9 ҮДТ нын жетекчиси Э.Орозбековго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайыловго тапшырылсын

5. Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Тѳрага:

Ж. Боронбаев