Редакцияот 27.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ленин айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы

 

2018-жылдын 27-ноябры №15/4

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу АРИС тарабынан сатылып алынып келинген Россия Федерациясынан чыгарылган” Трактор ВТГ-90” айланма калактуу каз тамандуу 4 (төрт) корпус сокосу менен техникасына үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык акчалай каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Ленин айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Ленин айыл өкмөтү жана АРИС менен алкактык келишимдин негизинде сатылып алынган Россия Федерациясынан чыгарылган “Трактор ВТГ-90” айланма калактуу каз тамандуу 4 (төрт) корпус сокосу менен техникасын сатып алуу үчүн, “АВТОМАШ-РАДИАТОР” жоопкерчилиги чектелген коомуна 3 367 400 (үч миллион үч жүз алтымыш жети миң төрт жүз) сомдук техниканы мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, тендердик каражатынын 25%нын 841 850 (сегиз жүз кырк бир миң сегиз жүз элүү) сом акча каражатын “АВТОМАШ-РАДИАТОР” жоопкерчилиги чектелген коомуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен которулуп берилсин.

2.  Үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын “АВТОМАШ-РАДИАТОР” жоопкерчилиги чектелген коомуна которуп берүү жагы Ленин айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Мамановго милдеттендирилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Б.Арынбаев