Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-апрели №2
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык, “Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби” жөнүндө” жобону окуп жана талкуулап, Көк-Арт айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагында “Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн аймагында “Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кудайбердиевке жүктөлсүн.
3. Аталган токтомду Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | А.Сатаров |
| Көк-Арт аиылдык аимагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 18.04. № 2 токтому менен бекитилди
|
Кызмат көрсөтүүгө конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
I. Жалпы жоболор
1. Конкурс өткөрүү жөнүндө жобо «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
Ушул жобо айыл аймагынын территориясында конкурс өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Конкурс кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдүн профессионалдык даярдыгынын, квалификациясынын, билиминин деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында откорүлөт.
II. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр
3. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
кепилдик салымы кызмап көрсөтүү максатында конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер тарабынан киргизилген акчалай сумма;
конкурс тандоо жана конкурстун жеңүүчүсүнө кызмат көрсөтүү укуктарын ыйгаруу:
ак ниет эмес атаандаштык - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна. ишкердик жүгүртүмдүн салттарына, ак ниеттүүлүк, эстүүлүк жана адилеттүүлүктүн талаптарына карама-каршы келбеген артыкчылыктарын сатып алууга багытталган конкурстун субъекттеринин аракеттери, эгерде мындай аракеттер натыйжада төмөнкүгө ээ болсо:
• конкурстун катышуучуларынын ортосунда жашыруун сүйлөшүп алуу,
• коррупция.
• бааларды жасалма жогорулатуу, төмөндөтүү же кармоо,
• конкурска жетүүсүн чектөө же потенциалдуу атаандаштарды жок кылуу