Загрузка документа…
НАЙМАН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № ХIV-2
Найман айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы Кыргыз Республикасынын Ош обулусунун өкүлчүлүгүнүн, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана Найман айыл өкмөтүнүн жарыяланган жылына карата түзүлгөн иш пландарынын негизинде толуктоо жана өзгөртүүлөр менен айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегия планын бекитүү боюнча айылдык кенештин кезектеги XIV сессиясында угузулду жана Найман айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Найман айыл аймагынын 2018-2022-жылга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.
2. Бекитилген токтом мыйзамдын негизинде аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаевага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ш.Эрматов |
Найман айыл аймагынын
2018-2022 жылдарга
СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫ
2018-жыл
Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу, салык салуу, коомдук коопсуздук тармагында, калктын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган бир катар реформалар журуп жатат. Алардын жыйынтыгы катары бир топ жетишкендиктер болду, бирок буга карабастан , бугунку куну олуттуу проблемалар айыл аймактарында дале чечилбей келүүдө, мисалы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты: мектепке чейинки жана мектептеги билим алуу мүмкүнчүлүгү, медициналык кызматтардын шарттары жана чектелгендиги; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу; инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы.
Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу иш аракеттерди камтыган стратегиялык программа иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу зарыл.
Айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык резервдерди жана ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели өз алдынча өнүктүрүүдөгү системалуулукка, комплекстүүлүккө жана теңдештикке карай умтулууну максаттайт. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануунун призмасы аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.
Бул максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердүүлүгүнөнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт.
Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан каржыланыпжана БУУОП тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү»программасынын негизинде, Найман айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Стратегиялык Өнүгүү Планы иштелип чыгылды. Бул Стратегиялык Өнүгүү Планы, эксперттер тобу айыл аймагынын Жергиликтүү Өнүгүү комитетеринин мүчөлөрү менен биргеликте, Туруктуу өнүгүүнун максаттарына таянып, 2018-2022 жылдардын мезгилине КР региондук саясатынын концепциясы жана “Өкмөттүн 2018-2022-жылдардагы программасын” жетекчиликке алуу менен, айыл аймагынын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтүү калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды.
Бул айыл аймактын Стратегиялык Өнүгүү Планы орто мөөнөттүү жана 2017-2020-жылдарды гана камтыйт. Алыскы мөөнөттөгү Стратегиялык максат катары “Калктын жашоо-турмушунун сапатын жакшыртуу, экономикалык жана социалдык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу” болуп белгиленген.
Найман айыл аймагы жөнүндө кыскача маалымат
1.1 Түзүлүүсү жана административдик-аймактык бөлүнүүсү:
Найман айыл өкмөтү 1965-жылдын май айында “Найман” айылдык комитетинин базасында түзүлгөн. Найман айылдык аймагы (кийин АА) 2 калктуу конуштан туруп, бирөө официалдуу статуска ээ.Экинчи айыл жакында статус алуу алдында турат(Жогорку Кенеште 3 окуудан өтүүсү күтүлүүдө). Найман АА чыгыш жан түндүк тарабынан Көк Жар АА, батыш тарабынан Он Эки Бел АА жана Төөлөс АА менен чектешет.
1.2 Аймагы:
· Жалпы аянты - 1360га.